Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

ОШТО ВИЧ ИНФЕКЦИЯСЫНА КАБЫЛГАНДАРДЫН САНЫ АРТЫП БАРАТ


6-сентябрда Ош облусунда дагы тогуз адамдан ВИЧ инфекциясы табылды. Ошону менен облустагы врачтардын күнөөсү боюнча бул дартка чалдыккандардын саны акыркы эки айдын ичинде жыйырма экиге чыкты. Алардын басымдуу көпчүлүгү эки жашка чейинки жаш балдар. Өлкөнүн башкы санитардык врачы, министрдин орун басары Сабыржан Абдикаримовдун айтымында, бүгүнкү күнү бул окуяга байланыштуу Ош облусунундагы ооруканалардын беш жетекчиси кызматынан алынып, бешөөнө сөгүш жарыяланды. Ошондой эле башкы прокуратура да күнөөлүүлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Коомчулукта болсо врачтардын жоопкерчиликсиздигине нааразы болгондор көбүрөөк байкалууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык бүгүнкү күнү Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 1300 чамалуу. Алардын дээрлик токсон пайызын баңги заттарын колдонгондор, сойкулар жана түрмөгө жатып чыккандар түзөт. Бирок, июль айынын соңунда Ош облусунун Ноокат районунан дарыгерлердин күнөөсү аркасында ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган ымыркайлар аныкталып, анын кесепети бүгүнкү күнгө чейин чубалып келатат. Алгачкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 800 чамалуу адамдын ичинен 11 адамдан бул вирус табылса, кечээ дагы 9 адам бул дартка кабылганы анык болду. Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Баялинова бул фактыны мындайча тастыктады:

- Азыр эсептеп көрсөңүз, дароо тогузу аныкталды. Булардын бардыгы бири-бири менен байланышы болгон балдар. Ал жакта 700 чамалуу адамдар текшерилип чыкты. Азыр да ал уланып атат. Азыр бир катар иш-чараларды өткөрүп, оору кан аркылуу жукканын толук аныктап чыгышыбыз керек. Булар дагы ким менен байланышта болгонун аныктоо жүрүп жатат. Бул жерде дарттын иннекциялык, энеси аркылуу же донордун канынан жукканы тууралуу сөз болуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдикаримовдун айтымында, Ош облусундагы ооруканалардан чыккан ВИЧ инфекциясына байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп, териштирүү уланууда:

- Ошонун негизинде беш жумушчубуз жумуштан четтетилди. Ал эми беш жетекчиге сөгүш жарыяланган. Бирок бул иликтөөлөр аягына чыга элек. Буга байланыштуу материалдардын бардыгын прокуратурага жана тергөө органдарына бергендиз.

Эң кооптуу делген дарттын бирине кирген ВИЧ инфекциясы тууралуу ал мындай дейт:

- Бул оорунун вирусу организимде жүрө берет. Бирок, оорунун синдрому башка оорулар аркылуу пайда болуп, организмдин иммунитетин өлтүрүп таштайт. Маселен, адам ич өткөк, жөтөл же сасык тумоо болушу мүмкүн. Иммунитет жок болгондон кийин адамдын организми жөнөкөй эле ооруларга туруштук бере албай калат.

Бирок, бул дартты жугузуп алгандарга кылдаттык менен мамиле кылуу керектигин эскерткен башкы санитардык дарыгер, көп учурда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар же СПИД оорусуна чалдыккандар өтө чоң психикалык басым-кысымдын алдында каларын баса белгиледи. Сабыржан Абдикаримовдун ырасташынча, аларга кандай мамиле кылуу керектигин, дартты жуктуруп алуудан кандайча сактанууну ар бир адам билүүсү абзел.

Коомчулукта медицина кызматкерлеринин катасынан келип чыккан мындай кесепеттен улам тынчсыздануулар пайда болууда. Бишкек шаарынын тургуну Жаныш Кожогелдиев, бул окуя тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Ар бир адамдын өзүнүн балдары, аялдары бар. Ошол догдурлар эмне үчүн кандарды текшербейт. Кан алганда, балага кан куйганда текшериш керек эле да. Алар өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан. Айтып кетүүчү нерсе эми кан аларда же кан берерде дагы текшерип турушса.

XS
SM
MD
LG