Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

10:20 Жыпаргүл Арыкованын ден соолугу оорлошууда


Бул тууралуу Жыпаргүл Арыкованын апасы Тамара Кыязова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда дары-дармектерди өздөрү сатып берип, киргизип жатышат. “Бир топ кымбат дарыларды сатып бердим, ушундан эле байкап атам абалы оор экенин. Анализдерине да акчасын бердик, бирок анын жыйынтыгы менен тааныштырышкан жок. Тергөөчүгө кайра-кайра кайрылып атып, жумасына бир жолу ысык тамак киргизүүгө уруксат ала алдык,”-дейт Тамара Кыязова.
Жыпаргүл Арыковага мамлекетке тыңчылык кылган деген айып тагылып, УКМК тарабынан 19-июнда камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG