Буга чейин 1-май райондук соту жана Бишкек шаардык соту Өмүрбек Субаналиев менен Виталий Искаковдун ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги кылмыш иши аягына чыкканга чейин токтото турууну чечим кылган. Ал эми доо арыз ээлери: Бишкек шаардык прокуратурасы менен Биринчи май райондук прокуратурасы соттун чечими менен макул болбой, Жогорку сотко кайрылышкан. Бул тууралуу “Ар-Намыс” партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” кабарлады.
“Бириккен Фронттун” мүчөлөрү Өмүрбек Субаналиев менен Виталий Искаковго апрель митингдери учурунда сарпталган каражатты жана жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү боюнча жаза айып салуу боюнча берилген доо арыздын негизинде иш козголгон. (ZKo)