Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

11:00 Алмаз Текебаевге күч колдонулганы айтылууда


Алмаз Текебаев кармалган күндөн тартып, аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк беришкен жок, кечээки 1-жолугушууда Алмаздын денесинде сыйрылган, көгөргөн тактар бар экендигин, бир колу катуу шишип кеткенин байкадым деп кабарлады адвокат Мейликан Эмилбаева. Анын айтуусунда Алмаз Текебаевге күч колдонулган болуусу мүмкүн. Адвокат Текебаевдин ден соолугун текшерүү үчүн жолдомо кат менен Ош ШИИБнө жана Алмаз Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Ош облустук сотко кайрылаарын маалымдоодо.
Алмаз Текебаевге күч колдонулганы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат берүүдөн баш тартып жатат.
ЖК депутаты, “Атамекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмаз Текебаев “ээнбаштык кылган” деген айып менен 4-сентябрда ОШ ШИИБ тарабынан камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG