Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

11:20 “Мекенге чыккынчылык кылгандыгы үчүн” дагы төрт киши айыпталууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча 5-июлда Валерий Пацула, Владимир Бережном, Максат Мамырканов жана Дмитрий Грибге КР кылмыш-жаза кодексинин 292 жана 302-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда төртөө тең УКМКнын абагында. Алардын ичинен Улуттук коопсуздук комитетинин учурдагы кызматкери Дмитрий Гриб жана Коргоо министрлигинде мурда кызмат өтөп жүрүп, эс алууга чыккан запастагы офицер Валерий Пацула 2007-жылдын 23-августунда камакка алынышкан. "Азыркы учурда айыпталып жаткандар жашыруун маалыматтарды канчалык көлөмдө бергендиги такталууда, ошондуктан, бул иш тууралуу саясий же башка кандайдыр бир бүтүм чыгарууга азырынча эрте," деп маалымдайт УКМК маалымат кызматы.
КР КЖКнин 292-беренеси мамлекеттик чыккынчылык, чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРнын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иш жүргүзүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн, 302-беренесинин 1-түйүнү кызматтык сырды түзгөн экономикалык, илимий-техникалык же башка маалыматтарды чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга бергендиги үчүн же берүү максатында чогулткандыгы үчүн айыптайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG