БШКнын маалымат кызматы кабарлагандай бүгүнкү күнгө чейин №69 Балыкчы шайлоо аймагынан 13 талапкер катталды. Аталган аймакта талапкерлерди каттоо 12-сентябрда аяктап, 13-сентябрда үгүт иштери башталат. Шайлоо 30-сентябрда болот.
Ал эми №36 Каракулжа шайлоо аймагынан 8 киши шайлоого катышууга кызыкчылыгын билдирип, алардын төртөө талапкерлик мандатын алышкан. №50 Керметоо шайлоо округунан ЖК депутаттыгына ат салышуу үчүн арыз берген 8 кишинин ичинен бирөө гана талапкерлик мандатка ээ болду. Каракулжа жана Керметоо шайлоо аймактарында талапкерлерди каттоо 18-сентябрда аяктайт. 19-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Бул аймактарда парламенттик шайлоо 14-октябрда өтөт. (ZKo)