Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

14:30 Кыргызстанда 1766 ислам уюму каттоодон өткөн


Алардын ишмердүүлүгү Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнөт. Муфтияттын алдында тогуз казыят, 1649 мечит, сегиз жогорку окуу жай, кырк тогуз медересе жана элүүгө жакын кор, борбор, бирикме бар. Мечиттердин көпчүлүгү өлкөнүн түштүгүнө туура келет. Учурда чет жердеги ислам жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргыз студенттеринин саны беш жүздөн ашат. Алардын дээрлик көпчүлүгү Египетте окушат. Мындай маалыматтарды кечээ вице-премьер-министр Досбол Нур уулу Коопсуздук Кеңештин жыйынынын соңунда билдирди. Д. Нур уулу өз сөзүндө азыр айрым кыргыз атуулдар чет өлкөгө туристтик виза же чакыруу менен барып, ал жакта диний окуу жайларда окуп калып жатканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда тыйуу салынган “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу уюмдардын ишмердүүлүгүнүн күчөп баратышы тынчсызданууну жаратаарын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG