ЫСЫККӨЛ. Казакстандын “Вита” аттуу сүттү кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишканасы ысыккөлдүктөрдүн уйунун сүтүн 6-7 сомдон алууну өткөн жылы эле макулдашкан. Эми аны ырасмийлөө үчүн 8-сентябрда Чолпоната шаарына облус менен “Вита” фирмасынын жетекчилери чогулуп, алты жерге сүт кабыл алуучу бөлүмдөрдүн ачылыш салтанатын өткөрдү. Чийки зат Токмоктун сүт заводуна ташылып кетет. Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев, Түп районундагы швейцар-кыргыз сүт заводу он жылдан бери сүттү 2-3 сомдон гана алып келгенин белгилеп, эми казактар андан үч эсе кымбатыраак алганда, элдин кирешеси 2008-жылы бир миллион сомго өсөрүн чечмеледи. Ал эми “Вита” компаниясынын президенти Петр Протапов, кабыл алуу бөлүмдөрдө жыл аягына чейин 200 жумушчу орун түзүлөрүн, ошондой эле 2008-жылы 2 миң баш уй кармап, 2 сүт товар фермасын уюштураарын билдирди. (RB)