Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

ОРОЗБЕК ТӨКМӨ АКЫН, ЫРЧЫ, КИНО АКТЕР ЭЛЕ


Өткөндө төкмө акын, кино актер, режиссер, обончу, ырчы-аткаруучу, эл артисти Орозбек Кутманалиевдин дастанчылык чыгармачылыгы менен тааныштырган элек. Бул жолу көп кырдуу талант Кутманалиевдин ырчы-аткаруучулук, киноактерлук, обончулук чыгармачылыгы менен тааныштырмакчыбыз.

Ар тараптуу талантка бай эл артисти Орозбек Кутманалиев тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 75 жашка чыкмак. Өткөндө маркум Орозбектин угуучуларга алиге чейин белгисиз болуп келе жаткан дастанчылык-айтуучулук өнөрү менен тааныштарган элем. Азыр болсо Кутманалиевдин төкмө акындыгы, ырчы-аткаруучулугу, кино актерлугу, обончулугу жөнүндө жалпы баян этмекмин.

Орозбек жогорку билимдүү тарыхчы болсо да адабият менен музыканы чыгармачылыгында айкалыштыра алып жүргөн. Ошондуктан ал тарыхый окуяларга, темаларга байланышкан чыгармаларды, абалкы доорлордо жашап өткөн ак таңдай төкмө акындардын санат, үлгү, насыят, терме ырларын, айтыштарын алгачкылардан калк алдына ырдап чыгып, аларга ырахат тартуулаган эле. Алсак, Орозбек улуу төкмө акын Жеңижоктун “Насыят”, “Турбайбы”, “Дүйнө” аттуу жана башка философиялык ойлорго шөкөтөлгөн ырларын элдик ырчылардын, төкмө акындардын ичинен биринчилерден жумурай журтка өз обонун да жогорку аткаруучулук чеберчиликте ырдап чыккан. Анда маркум Орозбектин аткаруусундагы Жеңижоктун “Насыятынын” үзүндүсү:

Алтындан комуз күү айтам,
Айчылык жерден ыр айтам,
Күмүштөн комуз күү айтам,
Күнчүлүк жерден сыр айтам,
Ашууга салсаң мек таштайт
Арык бир аттын чобуру
Асмандан учуп куркулдайт
Ала бир канат собуру,
Адамзат пенденин
Ар кандай болот жоругу
Чарбадарлар жайнаган
Көрүнгөн тоонун адырын.

Ак таңдай төкмө акындардын айтыштарында жалаң эле эркектер айтышпастан кыздар, келиндер да айтышканы жөнүндө калк арасында уламалар, аңыз кептер да айтылып келет. Алсак, оозеки эл поэзиясында Аксаткын менен Мырза уулдун, Талым кыз менен Көбөктүн, кыз-жигиттин, келин-жигиттин алым сабак айтыштары муундан муунга өтө, ооздон-оозго көчө айтылып келген. Орозбек өзүнүн кесиптештеринин ичинен биринчилерден “Талымкыз менен Көбөктүн” табышмактуу алым сабак айтышын өзүнүн аткаруучулук чеберчилигине жараша мындайча аваздык боектордо ырдап чыккан эле. Кезек “Талым кыз менен Көбөктүн” айтышканында:

Талымкыз:
Наркы айдын ичинде,
Береги айдын башында,
Жерге кирип кеткен жети атаң,
Бул эмне болучу?
Жерди жемире баскан чал буура
Ал эмне болуучу?
Желини сүттүү куу инген
Бул эмне болуучу?
Камыш башы калк этет,
Ал эмне болуучу?
Жекен башы жалп этет
Бул эмне болуучу?

Көбөк:
Наркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атаң,
Жети эле атаң турбайбы.
Жерди жемире баскан чал буура,
Өз атакең турбайбы.
Желини сүттүү куу инген-
Өз жеңең турбайбы.
Жез буулайлуу нар тайлак,
Талым кыз, өзүң турбайбы.
Алатоо башын күн чалса,
Атаңдын аксакалы турбайбы.
Каратоо башын күн чалса
Энеңдин элечеги турбайбы
Камыш башы калк этсе
Каз элечек турбайбы.
Жекең башы желп этсе
Бүркөнчөгүң турбайбы, - дешип, бири суроо таштап, экинчиси жандырмагын жандырып, өз угармандарына ырахат тартуулаган.

Көрүнүктүү шайыр Орозбек 1974-1992-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында дублеж боюнча режиссер, 1992-жылдан “Салам-алик” кинофирмасында кеңешчи болуп иштейт. Кутманалиев менен бир тармакта бирге иштешкен, ага-ини болуп жүргөн, чыгармачылыгын жакшы билген республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов мындай дейт:

- Орозбек байке өзүнчө бир залкар инсан эле. Ал акын десең акын, үнүнүн укмуштай тембри бар эле. Анын айтуучулук, ырчылык өзүнчө жүзү бар болчу. Маркум Эстекем (Эстебес) кандай залкар адам болсо мен да Орозбекти ошондой шайыр деп эсептейм. Ал көп кырдуу талант эле. Дастан да айтуучу, обончу десең обончу эле. Акыркы жылдарда Орозбек кино фильмдерден мыкты ролдорду аткарды. Бекеринен Орозкул деген атка конгон эмес. Ошондуктан аны кийин Орозбек дебестен, Орозкул деп жүрдүк. Туубаса талант болбосо мындай ат коюлбайт эле. Мен билгенден эң бир залкар таланттарыбыздын бири эле.

Ооба, Жумаалы мырза айткандай Орозбектин төрт тарабы төп келген шайыр эле. Анын киноактерлук туубаса жаркын шыгы “Сүйүү жаңырыгындагы” Бектемирдин, “Ак кемедеги” Орозкулдун, “Эрте жаздагы турналардагы” Бейшенбектин, “Ак куулар конгон айдың көлдөгү” Сабырбектин, “Уркуядагы” Куландын, Ак илбирсдин тукумундагы” Жарчынын, Д.Садырбаевдин “Түркүн тагдырларындагы” Асанбектин, “Кайран элиндеги” Мыкаачынын ж.б. образдарында ачылган. Орозбектин аталган фильмдериндеги аткарган ролдору бүгүнкү күндө улуттук фильмдердин классикасына айланды. “Өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” дегендей Т.Абдиев, Э.Турсуналиев, Т.Тыныбековдор айтышкан алым сабак айтыштары, “Жүрөктү жүрөм дарылап”, “Айдай кыз”, “Кыйнабай жүрчү” аттуу обондору өзүнүн аткаруусунда тасмаларга жазылбай калган. Ошондой болсо да Орозбек абалкы кыргыздардын күнүмдүк жашоо турмушундагы үрп-адат, салт ырларынын тобуна кирген жоктоо угузуу ырларынын кооз үлгүлөрүн тасмага калтырып кеткен. Ал эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” аттуу романындагы 1916-жылкы үркүндө орустардын огунан каза тапкан баатыр Алымкулду, Текестен кайтып келаткан үй-бүлөсүнө, кайнагасы Жунушка 90 жаштагы карыя акын Мурат мындайча угузуптур:

Сүзүп жүрүп кутулса,
Балырлуу, камыш шыбырга,
Уругун төгүп таштаган
Тоодой болгон толкундан,
Толгонуп кийин качпаган
Суу түбүндө термелип,
Желге бетин ачпагын,
Бедерлүү күмүш жамынган
О балдар, балык өлбөй калбайбы!

Тегеренип көрсөңөр,
Деңиздей болгон жер жатат,
Тепкичин басып өмүрдүн,
Текестин көчмөн эл жатат,
Тетигенде бөтөнчө,
Телмирте турган бел жатат,
Бир жагында көлкүлдөп,
Кечээки жүргөн сел жатат,
Осуят кылган жеринде,
Олчойгон жалгыз көң жатат,
Азыр коюп биз кайттык,
Издесек эми табылбайт,
Ал жерде Алымкул аттуу жер жатат,– деген экен.
XS
SM
MD
LG