Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде болгар айкелчиси Александр Проиновдун эмгектеринен турган көргөзмө өттү. Анда күмүштөн жасалган айкелдер көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Александр мырза Кыргызстанга алгачкы ирет келгендигин белгилеп, чыгармачылык жолундагы он алтынчы көргөзмөсү, өлкөнүн эгемендүүлүгүн он алты жылдыгы менен дал келгендиги кубанырды деген пикирин билдирди.

-Бул менин Кыргызстандагы алгачкы, ал эми чыгармачылыгымдагы он алтынчы көргөзмө. Бул иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүн он алты жылдыгы менен дал келип олтургандыгы мени кубандырат. Кыргызстанга болгон чыгармачылык сапарым байсалдуу болуп, кыргыз көркөм өнөр чөйрөсүндө көптөгөн досторду деген табам ишенимдемин.

Александр Проинов буга чейин Франция, Италия, Германия сыяктуу Европанын бир катар мамлекеттеринде жеке көргөзмөлөрүн уюштурган. Ал эми Бишкеке Кыргызстандык сүрөтчү Андрей Ингелмандын чакыруусу менен келген. Бирок Кыргызстанга келип-кетүү жана көргөзмөнү уюштуруудагы кеткен каражаттын баардыгын, болгар айкелчиси өзү көтөргөн. Ингелмандын айтымында Александр мырза бүгүнкү күндө Европадагы мыкты айкелчилердин катарына кирет. Кайсы шаарда болбосун ар бир ачылган көргөзмөсүн кызыгуу менен кабыл алышат. Маданият жана маалымат министринин орун басары Аким Текешов билдиргендей көптөн бери Болгария менен маданий катыш болгон эмес, министрлик эми мындан ары Болгария менен алака түзүп, тажрыйба алмашуу жаатында иштерди жүргүзүүнү максат кылууда.

Бул жумада француз маскарапозу Мишель Руссо балдарга “Баштык менен саякаттоо” аттуу шоу программасын тартуулады. Мишель Руссо буга чейин Кыргызстандын аймактарын да кыдырган. Бул долбоор Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын демилгеси менен уюштурулган. Аталган мекеменин менеджери Каныкей Муктарова билдиргендей бул акция жайкысын финансы жана башка маслелерге байланыштуу эс алууга мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн уюштурулган.

Мишель Руссо ошондой эле өлкөнүн аймактарын кыдырып, оюнунун тартуулап эле тим болбостон, кыргыз элинин жомок-уламыштарын чогулткан. Ага кыргыз музыканты Асылбек Насирдинов көмөк көрсөткөн. Мишел мырзанын жубайы Кристина Жакибобинин айтымында Кыргызстандан чогулткан чыгармалардын негизинде бир жыйнак жарык көрмөкчү.

-Биз Ысыккөл, Талас, Нарын жана башка дубандарда болуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, жомок, уламыштарды чогулттук. Ошондой эле балдарга “Баштык менен саякаттоо” аттуу күлкүлүү программабызды да тартууладык. Эми мына ушул чогулткан чыгармалардан турган китеп жана диск чыгаралы деп ниет кылып жатабыз. Ал эми келерки жылы бет ачаарын өткөрөбүз.

ШКУна катышкан мамлекеттердин биринчи Ысыккөл фестивалынын алкагында Каркыра жайлоосунда улуттук оюн-зооктор өттү. Башкача айтканда кыз-куумай, улак-тартыш, оодарыш сыяктуу оюндар ойнолуп, чеберлердин эмгектеринин көргөзмөсү болду. Четтен келген конокторго ошондой эле улуттук тамак-аштар тартууланды. Ал эми
бүгүн улуттук филармонияда ШКУна катышкан мамлекеттердин биринчи Ысыккөл фестивалы жыйынтыкталат. Эске салсак фестиваль дүйшөмбү күнү Чолпон-Атада башталган.
XS
SM
MD
LG