Коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдирген пикиринде Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өзүнүн аброюн көтөрүү максатында гана ушундай кампания жасап жатат, деди. Анын айтуусунда ЖК маалымат кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкованын негизсиз камалышы Коопсуздук кызматынын мамлекеттин коопсуздугун сактап атабыз деген көз боемочулугу.
Акыркы төрт айдын ичинде “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен УКМК тарабынан беш киши камакка алынган. (ZKo)
Акыркы төрт айдын ичинде “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен УКМК тарабынан беш киши камакка алынган. (ZKo)