Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Ирактын түндүгүндө болгон теракттан төрт аскер курман болуп, он экиси жаракат алды


БАГДАД. Ирактын түндүгүндө жан кечти террорчу миналанган машинени жардырып, андан кароолдо турган аскерлердин төртөө курман болуп, он экиси жараат алды. Багдаддын чет жакасындагы суннилер отурукташкан кыштакта жоон топ куралчан адам полицияга кол салып, беш полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Анын аралыгында бүгүн Багдадда Ирактагы кан төгүүнү токтотуу максаты менен эл аралык конференция ачылды. Ага Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү, Иран, баары болуп, 22 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG