Байкоо жүргүзүү добуш берүү күнүнө чейин бул округдарда “Шайлоо мыйзам чегинде, көз карандысыз өтөбү?” деген суроолордун тегерегинде жүрүп, саясий маанайга баа берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Качкын Булатов билдирди. Укук коргоочу бул шайлоо округдарында депутаттык орун үчүн ат салышуу чоң чаттака айланып, ноябрда саясий күрөш башталышы мүмкүн деп болжойт. Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн шайлоо №69 Балыкчы округунда 30-сентябрда, №36 Каракулжа жана №50 Керметоо округдарында 14-октябрда өтөт. (ZMa)
8:24 Бүгүн “Кыргызстанды сактоо” кыймылы шайлоо болору күтүлүп жаткан үч округда байкоо жүргүзүүгө киришет