Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

ООГАНСТАНДЫ ОЙРОНДОП ЖАТКАН ЖАН КЕЧТИ ТЕРРОРЧУЛУК


Казакстан латын тамгасына өтүү пландарын алга жылдырып жатат. Ооганстанда талибдердин жан-кечти террорчулук жардыруулары өткөн жылга салыштырганда өтө көбөйдү.

“Казакстан бир чети Россия менен тыкыс экономикалык жана саясий байланыштарын сактап, ошол эле кезде кириллица тамгасынан латын тамгасына өтүү тууралуу пландарын да алга жылдырып жатат” деп жазылат Eurasia View аталышындагы вебсайтта. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин латын тамгасын колдонгон Түркия, Азербайджан, Түркмөнистан жана Өзбекстандын бул тууралуу тажрыйбаларын иликтеп чыгуу жөнүндө өткөн күзгү маалда Эл-агартуу жана Билим министирлигине берген тапшырмасына шилтеме берилип, макалада министрилик дээрлик Өзбекистандын үүлгүсүнө негизделген бир долбоорду иштеп чыкканы, алты тепкичти камтыган ал долбоорго жараша латын тамгасына өтүү Казакстанга 300 миллион долларга турары билдирилет. Казакстан мунай жана газ байлыктарынан киргизип жаткан кирешени эсепке алганда бул долбоорду каржылоо Астана үчүн чоң маселе эмес экенин белгилейт макаланын автору. Негизги маселе жакын кошуна Россияны таарынтып алуу мүмкүндүгүндө жана латын тамгасына өтүү өлкөдө пайда кылуусу мүмкүн үзгүлтүктөрдүн тушунда Астана бийлигинин бул долбоордун артында бекем туруп тура албастыгында экенин далилдейт.

Казакстандын Кашаган мунай кени боюнча Италиянын ЭНИ компаниясы жетектеген эл-аралык консорциумдан компенсация талап кылган билдирүүсү батыштык басылмалардын көңүлүн өзүнө тартпай койбоду. Лондондо чыгуучу The Financial Times бул тууралуу жазган макаласында, Казакстан Кашаганды өздөштүрүү жумуштары кечеде, чыгым улам көбөйүп бараткандыгы менен байланыштуу 10 миллиард доллар компенсация талап кыла турганын билдирген. Гезит бул маалыматты Казакстандын каржылоо министиринин орунбасары Давлет Ергожинге таянуу менен жазган. Макалада ошондой эле, Астана мунусу аркылуу дүйнөнүн эң ири мунай кендеринин бири эсептелген Кашагандагы Казмунайгаздын үлүшүн көбөйтүп алгысы келээри кошумчаланган.

Түркияда чыгуучу Zaman гезити “Россия 2006- жылда жаап салган Грузиядагы аскердик баазасындагы куралдарды Арменияга белек кылып берди” деп жазган. Россиянын бул аракети, Тоолук Карабак тууралуу ансыз деле жарылуунун алдында турган Азербайжан-Армения байланыштарын ого бетер курчутуп жиберүүсү ажеп эмес экенин белгилеген гезит, бул маалыматты Азербайжандын коргоо министирлигинин басма сөз өкүлү Элдар Сафаровко таянуу менен берген.

NYT гезитинин БУУ тарабынан жарыяланган бир баяндамага таянуу менен билдиришине ылайык, Ооганстанда быйылдын алгачкы 8 айынын ичинде талиб согушчандарынын 103 жанкечти жардыруу окуясы катталган. “Бул өткөн жылга салыштырганда Ооганстанда жанкечти террор 69 пайызга көбөйгөнүн түшүнтүрөт” деп жазат NYT.

БУУнун ошол эле маалыматына таянуу менен Washington Post гезити жазганга караганда, Ооганстандагы жанкечтилердин 80 пайызынан көбүрөөк бөлүгү Пакистандан табылып, ошол өлкөдө машыгуудан өткөрүлүшкөн. Алардын дээрлик көпчүлүгү кедей, жаш жана сабатсыз оогандыктардан турат.
XS
SM
MD
LG