Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

10:40 Азык түлүк, дан азыктарына байланыштуу маселе парламентте каралууда


Бул тууралуу маалымат берип жаткан премьер-министр Алмазбек Атамбаев нан, ундун кымбатташы июнь айында байкалганы менен июль айынын соңунда кечигип чара көрүүгө киришкен өкмөттүн күнөөсү бар экенин билдирди. Премьер-министр бул маселени кечиктирип жиберген бир катар кызматкерлерди кызмат ордунан алууну ойлогонун, бирок буга эскирген административдик башкаруу системасы себеп болуп жатканы кедерги болуп жатканы тууралуу жыйынтыкка келгенин белгиледи. Атамбаев нандын кымбатташына биринчиден дүйнөлүк тенденция таасир берип жатканын айтып,дан эгиндери Орусияда өткөн жылы 52 пайызга кымбаттап, данга карата импорттун баасы өсүп жатканына токтолду. Анын айтымында, Казакстандан өткөн жылы жети айда 107 миң тонна дан алынса, быйыл 157 тонна алынган. Дан эгиндеринин баасы былтыр 114 доллар болсо, быйыл 240 долларга көтөрүлүп 100 пайызга кымбаттаган. Өкмөт башчынын пикиринде нандын баасы дагы кымбаттайт. (AJ)

XS
SM
MD
LG