Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

12:02 З.Эсенаманов: Премьер-министр өзүңүз коррупциянын башында туруп атпайсызбы


Депутат Замирбек Эсенаманов өкмөттөн айыл жерлерине берилүүчү жардамдар губернатор, райондук администрациядан артышпай, карапайым калкка жетпей жатканын белгиледи. Ал “Кайыңды кант” заводу жабылып калса, дыйкандарга оорчулук келерин айтып, заводдун жабылуу себебин сурады. Өкмөт башчы кант заводу “НК-Альянс” деген Орусиянын компаниясына таандык экенин, заводду иштетүү, иштетпөө алардын кожоюндарынын укугу экенин билдирди. Ал эми депутат Кубатбек Байболов март ыңкылабынан кийин матрезервден уурдалган көлөмдүү суммадагы дан эгиндери боюнча козголгон кылмыш ишин аягына чыгарууну көзөмөлгө алууну өкмөт башчыдан өтүндү. Ал ошондой эле милдетин аткаралбаган, кызматтык ката кетирген чиновниктердин аты-жөнүн айтып, коомчулукка билдирүү маселесин көтөрдү. Атамбаев ушул айда бир катар министрликтин жана ведмостволордун иштери өкмөттө угулуп, кызматтык өзгөртүүлөр болорун билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG