Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕ ТАЖИКТЕРДИН ЖЫЛМА ЭКСПАНСИЯСЫ КҮЧӨДҮ


Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондорунда жер-суу проблемалары курчуп, айрыкча чек арадагы талаштуу аймактарда жашаган элдин жашоосунда кыйынчылык күчөп, сыртка көчүп кеткендер көбөйүп кеткени жакында болгон Коопсуздук Кеңешинде айтылып, талкууланды. «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыккан ЖК депутаты Мурат Жураев менен маектешүү да дал ушул маселелердин тегерегинде болду.

- “Азаттыктын” сурамжылоосуна караганда кошуна өлкөлөр менен чегаралаш жашаган жергиликтүү тургундар жер, суу өңдүү тиричилик маселелеринде жагдай кыйындап кеткендигин айтып жатышат. Сиз чегаралаш округдардын депутаты катары чегаралаш аймактардагы жагдайга кандай баа бересиз?

- Өзүңөр билесиздер, жакында 5-сентябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болду. Ошол жерде биз бир ай мурда түзгөн комиссиянын иштеп чыккан ишинин жыйынтыгы каралды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстан, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек теш аймактарда жашаган элдин акыбалы өтө кыйын. Биринчиден, азыр Тажикстан менен өтө коркунучтуу аймактар бар. Бул Чорку-Ворух, экинчиси Лейлек-Аркар зонасы. Азыркы күнгө чейин бул жерлерди өтө кыйын деп эсептеп атам. Талаштуу аймак Лейлек районунда 680 гектар турат, Баткен районунда 2 миңден ашык. Себеби Шураб деген зонада миңге жакын гектарды алып коюшкан. Эң жаманы бүгүнкү күндө ошондой талаштуу аймактарда Тажикстан жагынан чоң курулуш иштери башталды. Лейлек зонасында Эскиоочу деген жерден Тажикстандын Ходжент шаарына чоң водоводдун курулушу башталды. Бул жерди биз талаштуу деп айтып атабыз, бирок тажиктер ага карабастан жолду жаап өздөрү каалагандай курулуштарды баштап атат. Ошондой эле Чорку, Ворух жакта дагы бүгүнкү күндө 71 үй сатылды. Биздин чегара кызматтары, милиция көп аракет кылды аларды чыгарабыз деп. Бирок бир дагы үй-бүлөнү чыгара алган жок. Себеби, алар айтып атат биз үйдү сатып алдык, эч жакка кетпейбиз деп. Эң жаманы биздин аймактан талаштуу жакка биздин агып аткан сууларды берип атабыз. Муну чыккынчылык катары эсептеп атам.

- Коопсуздук кеңешинде президент дагы айтты, чегарадагы айрым ошол өңдүү маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чече алабыз деп. Жакында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келгени турат. Бул маселенин башын ачыктай алабы ушул сүйлөшүүлөр?

- Биринчиден Тажикстанга дагы, Өзбекстанга дагы чегараны тактагандын кереги жок. Булардын азыр эли көп, экономикасы көтөрүлүп атат, тескерисинче талаштуу аймакты мыйзамдаштырыш үчүн буларды тим койгонубуз жакшы болуп атат. Макул биз конфликтке барбайлы, бирок чегарадагы элдерге жеңилдик берип, аларды кармаш керек. Бүгүнкү күндө жерлерин таштап Чүйгө, Орусия, Казакстанга кетип атат. Биздин максат ошол элдерди кармап калыш керек.

- Кармап калуунун жолу кайсы?

- Азыр эмне үчүн эл кетип атат? Ооруканаларда дарыгерлер, мектептерде мугалимдер жок. Электр жарыгын биз эмес Тажикстан берип атат, жолдору жок. Ошонун барын тез арада чечиш керек. Чегарачыларды көбөйтүш керек ошол жерде. Милицияны көбөйтүш керек. Тажикстан тарапта бир эле айылда 80 милиция болсо, биздин айыл өкмөттө болсо төрт эле милиция бар.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова

XS
SM
MD
LG