Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

16:40 Аламүдүн районунда мыйзамсыз салынган үйлөр дагы түрттүрүлөт


Бул туурасында үй куруучулардан түзүлгөн коомдук уюмдардын лидерлери маалымат жыйынында билдиришти. Алардын белгилешинче Төмөнкү- Аларча айыл өкмөтүнө караштуу жерге салынып жаткан жүзгө чукул үйдүн учурда дээрлик көбү бүтүп, элдер жашап жатышкан. Ишенби күнү болсо Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз салынган үйлөрдүн түрттүрүлөөрү туурасында эскертүү беришти. Бирок биз жергиликтүү бийликтин мындай аракетин адам укугун басмырлоо катары баалайбыз деп белгилеген үй куруучулар өздөрүнүн тынчсыздануулары менен чыгышты. Ал эми акимдин айтымында дагы төрт жаңы конуштардагы мыйзамсыз салынып жаткан ондогон курулуштар түрттүрүлөт. Бул ириде жер басуучулардын мыйзамсыз аракетин токтотуп, тартипке келтирүү. Эскертсек, 5- сентябрь күнү Сокулук районундагы он үч гектар жерге мыйзамсыз салынган үйлөр толук түрттүрүлгөн. (JJ)

XS
SM
MD
LG