Бүгүн Нарын облусунун губернаторунун жаңы биринчи орунбасары, 1975-жылы туулган Мирадил Бакашев облустук жыйында тааныштырылды. Облус губернатору Ажыбек Касымалиев туулуп өскөн жери Каракулжадан болгон жаңы орунбасарынын Нарынга дайындалышын кадрдык туура саясат деп белгиледи. Бирок айрым жергиликтүү байкоочулар мындай көз карашка макул эместиктерин өз ысымдарын атабастан жашырын билдиришти. Алар президенттик администрациядан жаш кадрлардын жер-жерлерге жиберилиши президент Курманбек Бакиевдин 2010-жылда болуучу чоң жарышка даярдана башташы катары баамдашууда. Жаңы орунбасар Мирадил Бакашов буга чейин президенттик администрацияда мамлекеттик инспектор болуп иштеп келген экен. (KUs)