Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

17:47 Ош областындагы жайлоолордо чектеш өлкөлөрдөн жети короо кой мыйзамсыз багылган


Апрель айынан бери Ош облусунун жайлоолорунда мыйзамсыз өткөрүлүп багылган кой жети короого чыгат, же тактап айтканда 3121 баш жандыкты түзгөн. Кыргыз бажы кызматынын аракети аркасында мал ээлерине 150 миң сом административдик жаза салынып, койлор өз өлкөсүнө кайтарылган. Мынча малды Ош облустук карантин кызматынын өкүлдөрү кармагандыгын анын башчысы, милициянын майору Абдыраим Мамыров билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанды каптаган күйдүргү, шарп дарттары ошол дейди малдардан жугушу ыктымал. Түштүк аймактык ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Жамгырчы Бектаев Өзбекстансыз эле Кыргызстандын өзүндө күйдүргү, шарп очогу көп экендигин, алардын баарын таап тынчытууга адистердин жетишсиздигин каңкуулады. (АТо)

XS
SM
MD
LG