Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

АКШ Конгрессинде бүгүн Ирактагы кырдаал боюнча угуулар башталат


Конгрессте Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы генерал Девид Петреус менен АКШнын Багдаддагы элчиси Раян Крокердин доклады угула баштайт. Конгресстеги угуулар эки күнгө созулмакчы. Маалыматтарга караганда, АКШнын Багдаддагы элчиси менен америкалык аскерлердин командачысы өз докладдарында президент Буштун Ирактагы аскерлердин саны көбөйтүү саясатын коргоп, ушу тапта алардын санын олуттуу кыскартпоону сунуш кылмакчы. Бул аралыкта, бүгүн Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики өлкөнүн коопсуздук күчтөрү кырдаалды көзөмөлгө алууга азырынча даяр эмес экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG