Түз эфир учурунда кыргыз кол өнөрчүлөрү Жапониянын ири үч компанияларынын ээлерине өз продуктусун көрсөтө алат. Жапон ишкерлерине кийиз жана кебезден жасалган кийим-кече, турмушта керектелчү буюмдар сунуш кылынат. Мындай демилге кыргыз кол өнөрчүлөрүнө өз товарын чет өлкөдө таанытуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында кыргыз-жапон өнүктүрүү борбору жана Борбордуказиялык CACSA ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат. (ZMa)