Бүгүн таңкы саат төрттөн баштап Аламүдүн районундагы Маевка айылынын жана Төмөнкү-Аларча айылынын аймагындагы 90 чукул мыйзамсыз курулган турак жайлар түрттүрүлдү. Учурда райондук администрация жетекчилеринин, айыл өкмөттөрүнүн, милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө үйлөрдү түртүрүү уланууда. Кечээ үй куруучулардан түзүлгөн коомдук уюмдардын лидерлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, райондук администрациянын иш аракеттерин сынга алып, бул маселе соттун чечиминен кийин чечилерин билдиришкен. Үй куруп алган айрым адамдар, эгерде турак жайлары түрттүрүлсө өздөрүн өрттөгө барыша тургандыктарын эскертишкен. (AJ)