Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

11:57 Кыргызстан журналисттеринин 1-сьездине делегаттар туура эмес тандалып жатабы?


Журналисттердин этикалык кодекси текчелерде жатпай иштей турган документ болуусу керек.Бирок, ал кодекс редакцияларда талкууланбай туруп, курултайга катышуучулардын тизмесин сьездди уюштуруучулар түзгөн. Делегаттар уюштуруучулар жагынан тандалбай, журналисттик чөйрөлөрдө тандалуусу абзел. Аларды тандоодо Оштогу маалымат каражаттарын колдоо борборунун түштүк аймактарындагы 205 мүчөсүнүн ой-пикири эске алынбаган жана этикалык кодекс үч облуста тең талкууланган эмес. Уюштуруучулар чакырган журналисттер көпчүлүк калемгерлер үчүн добуш бере алышпайт. Ошондуктан курултай делегаттарын редакция жамааттарында шайлоо зарыл. Мындай кайрылуу маалымат жетекчилеринин Жалалабатта өткөн жыйынында журналисттердин 1-курултайын өткөрүүнү уюштурган Бишкектеги маалымат укугу борбору менен медиа өкүлчүлүккө жана «Журналист» коомдук бирикмесине карата кабыл алынды.(YA)

XS
SM
MD
LG