Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

12:05 Депутатка караштуу турак-жайларды басып алгандар өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда


Бул тууралу алардын өкүлдөрү Жумгалбү Турдубекова менен Анарбай Орозов маалымат каражаттарына билдиришти. Алардын айтымында, Жалалабаттын Көкарт микрорайонунда бүтпөй турган үйгө кирип жашоого шаар мэри Дүйшөн Мамасалиев көрсөтмө берген. Үй-жайга муктаж кишилер 2005-жылы депутат Кадыржан Батыров өзбек тилине расмий тилдин укугун берүү талабы менен митинг өткөргөндөн кийин ага караштуу бир топ жайларды ээлешкен. Депутат аларды кууп чыгуу менен коркутууда. Шаар башчы Мамасалиев үй басып алгандардын маалыматын четке кагып, турак-жай элдердин достугу университетине тиешелүү экендигин жана жалган маалымат тараткан үй басып алуучуларды сотко берерин билдирди. Батыровго тиешелүү деп эсептелген КСД ишканасында жашагандарга турак-жай үчүн жер жана убактылуу жатакана таап берүүгө облбийлик убада берди. (YA)

XS
SM
MD
LG