Бийликти басып алуу, менчиктерди бөлүштүрүү, коррупциялык ишмердүүлүк, сугат жерлерди сатуу-мына жаңы бийликтин жүзү, азыркы өкмөттүн жүзү, деген баасын берди депутат Темир Сариев. Ал административдик реформа кылып, аткаруу бийлигиндеги кызматтарды кыскартпаса казынага акча түшпөй, башкалардын чөнтөгүнө түшөрүн белгиледи. Сариев ошондой эле тиешелүү кызматтардын шалаклыгынан жыйырма жаш балага ВИЧ-СПИДди жуктургандар жоопко тартылбаганын, күйдүргү,кутурма ооруларынан каза болгондор көбөйгөнүн, бул маселелерге өкмөттүн кайдыгерлигин билдирди. (AJ)