Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн парламентте депутат Болот Шерниязовдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Б. Шерниязов Атамбаевге Талдыбулактын лицензиясы алынат деп айтканын эске салды. Өкмөт башчы Талдыбулак боюнча иш сотко өтүп, анда “Алтын кендин” пайдасына чечилип, лицензия кайра инвесторлорго берилгенин айтты. “Алтын кен” компаниясы менен тынчтык келишимге жетишилип, кошумча жыйырма миллион доллар алынганын билдирди. “Билесиңер, ал лицензия эч кандай бонус, бир тыйын бюджетке алынбай эле берилген, жыйырма миллион доллар алынса жаманбы”, деди премьер-министр. (EBM)