Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

А. МУРАЛИЕВ: ӨКМӨТ ӨЗҮНҮН ЧЕЧИМДЕРИ МЕНЕН КЕЧИГИП КАЛДЫ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши мурдагы премьер-министр, азыр коомдук өкмөттүн жетекчиси Амангелди Муралиев болду.

- Амангелди мырза, кечээ парламентте айтылганга караганда, мамлекеттик кампада миң тонна буудай калыптыр. Дан-эгиндердин дыйкандар ар кандай шарттар менен аз айдаптыр. Казакстан менен Орусия болсо бааны көтөрүп жатат деп атышат. Ушундай шартта бааны жөнгө салуунун кандай жолдорун көрүп жатасыз сиз?

- Биринчиден, өкмөт өзүнүн чечимдери менен кечигип калды. Эмне үчүн дегенде өкмөт ушул маселени, маселен тамак-аш балансын дайыма көзөмөлдөп жүрүш керек эле. Өкмөт же тез-тез алмашып турган себеби болуп калдыбы, же саясат оюндары күчөп кеттиби, бирок тамак-аш балансын эч ким карабай калган. Менин билишимче 3-4 жылдан бери бул балансты эч ким караган жок. Аны карап турганда, кандай саясатты өткөрүш керек, чечимдерди кабыл алыш керек дегенде билинет эле. Маселен, биз дайыма эле мамлекеттик резервде 100 миң тоннага жакын буудай кармап жүрчүбүз. Бирок акыркы мезгилде ал маселеге көңүл бурулган жок, бул бир. Экинчиден, негизинен биздин республика коңшуларга караганда, өзгөчө Казакстан менен Орусияга караганда кыйла эле кедейчиликте. Ошон үчүн ал да өзүбүздүн эсибизде болуш керек эле. Кедей элге арзан баа керек да туурабы. Аны да көңүлгө албай өкмөтүбүз бул жагынан кичине аксап калды. Негизги чараларды көрүш керек.

- Ошол кандай чаралар болушу мүмкүн?

- Биринчиден, азык-түлүк балансын кайра түзүш керек, ошол жагынан тынбай мониторинг өткөрүш керек. Муну системага салыш керек. Экинчиден, биздин дыйкандарыбыз буудайга жана башка азык-түлүк продукцияга көңүл бурбаганы бул баалардын арзандыгы болчу, маселен 2005-06-07-жылдарда. Ушул маселени көзөмөлдөп чечиш керек эле. Эмне үчүн дегенде күйүүчү майлар, жер симирткичтерге баалар өсүп аткан. Ошон үчүн буудай маселеси экинчи орунга калган. Элибиз буудай айдабай калган башка сырьелорго көңүл буруп. Ошон үчүн азыр дыйкандарды кызыктырыш керек жана жардам бериш керек. Жардамы кандай болот аны эсептеш керек.

- Азыр эми нан кымбаттап, анын аркасы менен премьер-министр айтып атпайбы бир топ маселелер ырбап баратат деп. Ошол жөнгө салынбаса нандын көтөрүлүшү чыгып кетиши мүмкүн деген бир божомол айтылып атат. Саясатчы катары сиз кандай ойлойсуз, бул жөнгө салынабы, нааразылык чыкпайбы?

- Мен ойлоп атам, азыр тез арада жөнгө салынбайт. Себеби нандын баасы 40 пайызга өстү, мен өзүм күнүгө базарга барып сүт алам, сүттүн баасы акыркы эле төрт айда 4 сомго өстү. Мурда заводдон чыккан сүттүн бир литри 23 сом эле, азыр 28 сом болду. Коммуналдык услугаларга баа өсүп атат. Газдын баасы эки эсеге көтөрүлбөдү беле, азыр ошонун кесепети менен коммуналдык услугалардын баасы бары тең өсүп атат. Негизинен тез арада чараларды карабаса, бизде инфляция тез өсүп кетет. Азыр булар инфляцияны туура эсептеген жок деп айтсам болот. Эмне үчүн дегенде биринчиден мигранттардын акчасын так эсепке албай атышат.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG