Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

16:35 Э.Бөлөкбаев: Кыргызстанда укук коргоо органдары укуктарды бузуучу органдарга айланды


“Жашылдар партиясынын” бүгүнкү билдирүүсүндө “акаевдердин үйбүлөлүк башкаруусун”, “бакиевдердин үйбүлөлүк башкаруусуна” айландырбоо талабы коюлган. 24-март ыңкылабы элдин үмүтүн актабай, тескерисинче бийлик күчтөп басып алуу, эки жүздүүлүк, калп жана тоноп алуучулук идеологиясын жүргүзүп жатканы айтылат. Ошондой эле үйбүлөлүк, кландык режим өлкө атуулдарынын көтөрө алгыс оор жүгүнө айланганы, апрель митингисин укук коргоо органдарынын резина ок, газ менен күчтөп таратканы, аянттагы боз үйлөрдү талкалагганы эскерилген. Билдирүүдө Кыргызстан Архипелаг Гулагка айланып баратканы белгиленип, аталган партия мекендештерин, коомдогу күчтөрдү биригүүгө чакырып, адамдык ар намыс, абийирди сактап калууга үндөгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG