ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

18:24 “Талас турмушу” гезитинин башчысы шаардык электр башкармалыгын сотко берүүнү көздөп жатат

Себеби 3-сентябрдан тартып азыркы тапка чейин облустук гезит чыкпай, аталган редакцияда иштеген сегиз журналист жумушу жок отурушат. Электро кубаттуулугу өз ченеминен көп берилгендиктен имараттын ичиндеги лампочкалар жарылып, компьютерлер күйүп кеткен. Облустук “Талас турмушу” саясий гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов шаардык электр башкармалыгына кайрылганда бул абалды моюндарына албай, күнөөнү кайра өздөрүнө койгонун “Азаттыкка” маалымдап, аларды сотко берүүнү көздөп жатканын айтты. Ал эми шаардык электро башкармалыктын башчысы Алик Дүйшекеев алар трансформаторду, линияларды карап чыкканын, маселе редакциянын ичиндеги электр автоматтан болсо керек деп түшүндүрдү. Бүгүн облустук администрация редакцияга бир компьютер берип, газетаны чыгаруу аракеттери жүрүп жатат. Газета жумасына бир жолу 1005 нуска менен чыгып келген. (UA)
​
XS
SM
MD
LG