21-август түнү Жалалабад облусунда граната жардырайын дегенде Өзбекстандын жараны 28 жаштагы Жамалдин Абдумажитов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комитеттин басма сөз кызматынан Рысбек Быкын уулу билдирди. Маалыматка караганда, Абдумажитовго буга чейин үстүбүздөгү жылы 9-июлда МАИ кызматкерин өлтүрдү делип кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ал май айында “Ош жаңырыгы” гезитинин редакциясын жардырууну уюштурган делип шектелип жүргөн. Ал Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана Кыргызстандагы жогорку кызматтагы адамдын өмүрүнө кол салууга террордук иш чара жүргүзүүнү көздөп, 2007-жылы Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында тероррдук акт өткөрүүнү пландаштырган, деп айтылат маалыматта. Абдумажитов “Шерзод”, “Али”, “Карабай”, “Акмаль”, “Абдуллох” деген жашыруун ысымдарды алып жүргөн. (AJ)