Президент Нурсултан Назарбаевдин Түркмөнстанга иш сапары эки күнгө созулат. Буга чейин Назарбаев сүйлөшүү учурунда Казакстан-Түркмөнстан-Иранды байланыштыра турган темир жол куруу тууралуу сөз болот деген болчу. Жолугушуу учурунда Түркмөнстандын жаратылыш газын Орусияга Казакстан аркылуу жеткирүү үчүн газ куурун куруу тууралуу дагы сөз болору маалымдалууда.