Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

8:36 Бүгүн – ыйык рамазан айынын алгачкы күнү


Буга байланыштуу муфтий Мураталы ажы Жуманов “Азаттык” үналгысынын угармандарын орозо айынын башталышы менен куттуктады. Тынчтыктын, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын айы саналган орозо айы 12-октябрга чейин созулуп, орозо айт менен аяктайт. Ал эми орозо маалында садага битир берилет. Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин чечимине ылайык, өлкөнүн түштүк аймактарында садага битир киши башына 15 сомдон, түндүк аймактарында 14 сомдон белгиленген. Чогулган каражаттын элүү пайызы битир садага чогулткан мечитте калып, он пайызы казиятка, кырк пайызы кайрымдуулук иштерине, медресе, ислам институттарына, жардамга муктаж адамдарга жумшалат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG