Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

8:40 Депутат Д. Садырбаев бүгүн Аксы окуясына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө


Анда Дооронбек Садырбаев 2002-жылкы Аксы окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыктарын жарыялайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган парламенттик комиссия ушул жылдын июль-август айларында Аксы окуясын иликтеген болчу. 14-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда каралары күтүлүп жаткан бул маселени мамлекеттик телеканал аркылуу түз көрсөтүүнү депутат сунуш кылган. Кечээ парламент төрагасы Марат Султанов комиссиянын парламенттеги отчету көрөрмандарга жана угармандарга алдын ала жаздырылып, көрсөтүлөрүн билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG