Президент Жорж Буш Нью-Йорктогу Эл аралык соода борборунун эки мунара-имаратынын жанында өткөн аза күтүү аземине катышып, гүл чамбар койду. Бул күнү террордук чабуулдан набыт болгон үч миңге жакын адамдын аттары аталды. Ырасмий Вашингтон бул чабуулдун артында террорчу Усама бин Ладендин “ал-Каида” уюму турат деп айыптап келет.