16-17-сентябрда Чолпоната шаарында жайгашкан «Радуга» мейманканасында Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого багытталган эларалык жыйын өтмөкчү. Жыйынды «Сорос-Кыргызстан» фонду менен Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги уюштурууда. Анда энергетика тармагынын азыркы абалы, жасалып жаткан иштердин натыйжасы талкууланып, аны социалдык маселелерди эске алуу менен кандайча реформалоо керектиги тууралуу сунуштар иштелип чыкмакчы. Ага министрликтердин жетекчилери, эларалык эксперттер, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана энергокомпаниялардын жетекчилери катышмакчы. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун маалымат кызматы билдирди. (IJz)