Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

11:20 Кызыларт ашуусунда ок атуучу курал менен Тажикстандын эки жараны кармалды


10-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Кызыларт ашуусунда Тажикстандын эки жараны ок атуучу курал сактаган деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлигинин аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маң заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кызыларт ашуусунда “ВАЗ-2121” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа токтотулуп,текшерилген. Автунаадан белгиси өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү бир тапанча, тапанчанын бир окчонтойу, 9мм. 7 ок, “Thuraya” үлгүсүндөгү спутниктик бир телефон табылган. Унаанын айдоочусу Тажикстандын Мургаб районунун тургуну К.Мамасаидов, “Макаров” тапанчасы анын жүргүнчүсү Хорог шаарынын тургуну А.Мырзамамадовго таандык болуп чыккан, деп көрсөтүлгөн маалыматта. Алар учурда Араван райондук убактылуу кармоочу жайга кармалып, шектелгендердин үстүнөн Ош облустук ички иштер башкрмалыгы кылмыш ишин козгогон. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG