Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев бүгүн маалымат жыйынында Аксы окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши эч качан Кыргызстанда ачылбасын, мындай бүтүмгө ал өзү жетектеген комиссиянын иликтөөлөрүнөн соң келгенин билдирди. Анын айтымында бул ишти эл аралык сотторго берүү максатка ылайык. Ал үчүн Жогорку Кеңеш Рим келишимин ратификациялашы керек. Ошондой эле ал Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу демилгесин көтөрүп чыга турганын баса белгиледи. (IJz)