Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

12:10 Э.Байсалов Башкы прокурорго ачык кат жолдоду


Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Байсаловдун 11-сентябрда Башкы проукрорго Элмурза Сатыбалдиевге жолдогон ачык катта, экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмаз Текебаевдин укук коргоо органдары тарабынан кармалышына Сатыбалдиевдин жеке пикирин ачык айтууну өтүнгөн. Байсалов 11-сентябрда Башкы прокурордун “Агым” гезитине берген маегинде “Алтын казына” кафесиндеги бир тойдо мушташка катышканын мойнуна алган фактыны мисал келтирип, ал окуя Алмаз Текебаевдин кафеден мушташты делип кармалып, Кылмыш жана Жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголбогондо билинбей деле калмак, деген пикирин билдирген. Катта Алмаз Текебаевдин укук коргоо кызматкерлери тарабынан тепки жегенине коомчулук тынсызданып жатканы, аны соттук медициналык текшерүүдөн өтөрүүгө укук коргоо органдары баш тартып жатканы көрсөтүлгөн. Байсалов Башкы прокурордон бул боюнча коомчулукта айтылып жаткан пикирлерди четке кагып, кандайдыр бир саясий себеп жок деп ачык, так жооп бере аласызбы, деген суроону кабыргасынан койгон. Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын турмуштук чатактардан кылмыштуулук издеп, адам тагдырына балта чапкандан башка чечилбей жаткан маанилүү маселелер бар экендигин белгилеген. Ачык катта, эгерде бул маселеге калыс баа берилбесе Башкы прокуратура жана анын жетекчиси мурдагы мураскерлерине окшоп саясий каршылаштарын куугунтукка алып, өз жана өзгө деп экиге бөлгөн саясаттын улантууда деген коомчулукта пикир жаралары айтылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG