Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

13:15 Күнтуу айыл өкмөтүндө үлүш жерлери сатылып кеткен адамдар нааразылык билдирүүдө


Бул туурасында өзүнүн үлүш жерин тарттырып жиберген адамдар маалымат жыйынында билдиришти. Алардын белгилешине караганда аталган жай мурун шаарда короо- жайы жок кабат үйдө жашаган кызматкерлерге берилген. Ал жай негизинен «Бакчачылар коому» деп аталып, жыйырма сегиз жарым гектар аянтты ээлеп турат. Учурда болсо ал жерде токсон үйбүлөө жашайт. Көпчүлүгү Орусияга көчүп кетишкен. 2004- жылы аталган коомдун жетекчилигине Жыпаргүл Турсунбаева аттуу аял шайланып, бирок ал кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып элдин жеке менчик жерлерин сатып жиберген. Жердин айрым шаарда жашаган ээлери өз жерлерин башка бирөөлөр эч документсиз ээлеп турганын жана өз жерлерине өздөрү ээлик кыла албай калганын белгилешүүдө. Буга байланыштуу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сыматай Кырбаевге байланышканыбызда, ал Жыпаргул Турсунбаеванын чынында менчик жерлерди сатып жибергенин, бирок ага жергиликтүү бийлик эч кандай чара колдоно албай жатканын кошумчалады. Учурда нааразы болгон адамдар тиешелүү тараптардын бул ишке кайдыгер болуп жатканынан улам, укук коргоочуларды жардамга чакырышууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG