Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

13: 50 Максат Кунакунов: Партиялык системанын өнүгүшүнө өлкөдө шарт жок


Жаштардын либералдык-прогрессивдүү партиясынын төрагасы Максат Кунакуновдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү партиялык системанын өнүгүшү үчүн Кыргызстанда шарттар жок болуп жатат. «Бир кишинин гана кызыкчылыгын көздөгөн партиялар көп болуп атат. Бардыгы тең бийликти гана эңсеп турушат, чынында элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп аткандары аз»,- дейт М.Кунакунов. Ошондой эле жаш партиянын ошондой эле жаш лидери учурдагы Балыкчы, Каракулжа, Керметоо шайлоо чөйлкөмдөрүнөн өз талапкерлерин чыгарууга каражаттары тартыштык кылганын, андыктан шаардык жана райондук кеңештерге өз талапкерлерин чыгаруу үстүндө катуу иштеп жатышканын маалымдады. Анын пикиринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден талап кылынган күрөөнүн суммасы көптүк кылып, калың капчыктууларга гана эсептелген. (IJz)

XS
SM
MD
LG