2007-жылы 2-августа Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси Мирбек Расулов Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан адамдардын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктап, чечимин чыгарган. Анда “Митингке чыккан Азимбек Бекназаровдун тарапкерлери менен Боспиектеги кагылышууда милиция кызматкерлеринин курал колдонгону далилденди. Ал эми курал колдонууга жана адамдарды атууга Ички иштер министрлигинин жана Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин көрсөтмөлөрү, буйрук бергени далилденген жок”,-деп жазылган. Тергөөнүн жыйынтыгында Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы Жетекчиси Данияр Кулуевге, Аксы районунун мурдагы акими Шермамат Осмоновго, Жалалабад облустук ички иштер башкармасынын мурдагы орун басары Абдимитал Калбаевге, Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алик Ракишевге тиешелүү далилдер жоктугуна байланыштуу алардын үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулгандыгы тууралуу чечим чыгарылган. (AJ)