Жети айлык Нада жаңы эле эмгектеп келатат. Келген-кеткенге бажырайа күлүп, бу дүйнөнүн коога-калбасынан ныпым кабарсыз. “Бар бактыбыз ушу Наданын күлкүсү”,- дейт Суад Ум Салиим.
Багдаддагы бул үйдө Суад сексен жаштагы апасы Ал Хажжа, 20дагы кызы Маха, небереси Нада менен эки бакыр бир тукур болуп, эптеп жан багууда. Эркектанадан караан туткан жалгыз күйөө баласы бар эле, кудайын тааныбай кутурган кесептер күндө келип, акча доолай бергенден убактылуу көздөн далдаа боло тур деп Ирбилге жөнөтүп жиберген. Кызы Маха жыйырмага жаңы толду, күйөөсү Ирбилге кеткенден бери эмчектеги Наданы алып, апасыныкына келип туруп калды. Ошондон бери үй оокаттын бүт түйшүгү Суаддын мойнунда. “Апам, мен, кызым жана неберем –төрт муунбуз. Баарына өзүм өбөк, өзүм жөлөк, аларды бир мүнөт да көз жаздымда калтыра албайм”, - дейт Суад.
Суад өзү кырктын кырында, бирок жесир. Күйөөсү иран-ирак согушунда окко учкан. Атасынан да эрте калган. Бири доктур, бири инженер болуп иштеген эки иниси бар, бирок алар Иракта согуш башталганда эле чет өлкөгө өтө качып кетишкен. Үзүл-кесил кабарын айтып, кат жазып турушат. Азыркы тополоң-тоз басылса, аларды аман-эсен көрсөм дегенде Суаддын эки көзү төрт. Өзү өкмөттүк мекемелердин биринде иштейт. Жумушка күндө жанын оозуна тиштеп,алда-жалдалап барып келет. Мурдагыдай машине мингенди койду,андай келин-кезектерди ар көчөнүн бурчунан, бурулуш-буйткалардан аңдыгандарды көрүп жүрүп,жүрөгү түшүп калган.
Багдаддын аты шаар болгону менен бу жерде оокат кылуу тозокко айланып калды, дейт Суад. Электр деген бир саат болсо, он саат жок, муздак-жылуу суу дегенди эбак унутушкан. Жака-белде атышмай-согушмай аз болбойт, ызылдап учкан октун же ракетанын ачуу үнү кээде мээге мык болуп кагылып, жер силкинте жарылган бомба, снаряд кулак тундуруп турат. Түн-күн дебей шаар үстүнөн дүрүлдөп тынбай самолет учуп, кала берсе кулагы каңырыштап калган апасы да кай бирде элеңдеп,чочуп кетет. “Бу өзү өтө жаман, айтып бергис мүшкүл, - дейт Суад. – Апамы алдап-соолап, коркпо деп сооротом. Бирок үрпөйгөн үрөйүбүздү көргөндө эле ал ого бетер элейип, денеси өлө түшөт. Мындайда куран кармап,кудайга жалбаргандан башка арга калбайт”.
“Аялдар согушка каршы” деп аталган коомдук уюмдун болжолдуу эсептеринде Иракта ушу тапта жесир аялдардын саны 400 миңден ашат. Мыйзамда аларга отуз-сексен доллардан жөлөкпул төлөө жагы каралган. Бирок эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги аны өтө кечиктирип берет же дегеле төлөбөй коет.
...“Баккан-көргөн бар бактыбыз – Наданын күлкүсү, - дейт Суад жаңыдан эмгектеп келаткан небересин бооруна кысып.- Баарыбыз Нада чоңойгончо турмуш оңолуп, Нада бактылуу болсо деп тилейбиз. Алла таала тилегибизди берет деп ишенебиз”.