Тажикстандан Орусия менен Казакстанга Кыргызстан аркылуу маң заттарын алып өтүүчү канал жабылды, деп кабарлашты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан. Маалыматка караганда, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Киргшелктогу МАИ кызматынын постунан “Фольксваген-Гольф” автунаасы токтотулуп, текшерилгенде 6 кг. апийим, 400 гр. героин табылган. Унаанын ээси Е.Корчагиндин Канттагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндө 9 кг. апийим чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)