Алар аталган көчөдө жарык да бат-бат өчүп тураарын кошумчалап, мэрияга он беш чактысы топтолуп чыр салышты. Ош шаарынын орун басар мэри Мухиддин Мамасадыков маселе жөндүүлүгүн, бу боюнча комиссия уюшулуп, арыз акырына чейин териштирилип, жыйынтыгы жакын арада уктурулаарын жарыя кылды. Ушулар туурасында 12-сентябрда «Азаттыкка» Зулайка Самидинова, Шакир Исматов кабарлашты. (АТо)