Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

17:21 Чолпонатанын тургундары жана жергиликтүү депутаттар мамлекеттик токтомдордун ишке ашпай жатканына нааразы


Жайкы эс алуу сезонунда жол, таза суу жана көлгө өтүү жергиликтүү элге көп түйшүктөрдү жаратканын белгилеген тургундар бул маселе курултай жыйындарда көтөрүлгөнү менен чечилбей келгенине нааразы болушту. Чолпоната шаарынын башчысы Нурлан Насирдиновго шаардык депутаттар 40-50-жылдан бери жаңыртылбаган суу түтүктөрүн оңдоп берүүгө япондук “Жайка” 15 млн. доллар менен берсе, аны өкмөт кармап атканын белгиледи. Ошондой эле мурдагы министрлер советинин азыркы президенттин иш башкармасына караган Чолпоната эс алуу үйүнүн 16 жарым гектардай жерине эс алуу паркын түзүү боюнча токтом чыканына карабай, пляжга чейин курчалганын чечмеледи. Шаар башчысы Нурлан Насирдинов айтылган талаптар боюнча өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге расмий кайрыларын билдиргенде гана чогулгандар тарап кетти. (RB)

XS
SM
MD
LG