Орто кылымдарда христиан чиркөөсү динге шек келтиргендерди өрткө салып жок кылып турган. Бул үчүн Рим папасы кечээ жакында кечирим сурады. Бүгүн Батышта дин ар бир адамдын жеке маселеси деп каралып, чиркөөнүн мамлекеттик иштерге кийлигишүүсүнө кыйла чектөөлөр каралган.
Христианчылыкка тектеш Ислам дининде бүгүн 50дөн ашык мусулман өлкөлөрдүн ичинен Афганистанда, Иранда жана Саударабстанда мусулманчылыктан баш тарткандар жогорку жазага тартылат.
Батышта жашаган мурдагы мусулмандар салыштырмалуу диний эркиндиктерден пайдаланып, акыркы кездери Германия, Британия сыяктуу өлкөлөрдө жана Скандинавияда өз уюшмаларын расмий каттоодон өткөрүшкөн. Мына эми алардын катарына 11-сентябрда даниялык экс-мусулмандардын комитети кошулду. Жаңы уюмду теги ирандык 22 жаштагы даниялык саясатчы Эхсан Жами жетектейт. Мариям Намази - Британиялык экс-мусулмандар кеңешинин уюштуруучусу. Анын айтымында, Европада жашагандарга да Исламдан баш тартуу оңой эмес, анткени алар коркутуп-үркүтүүлөргө туш келишет.
Намазинин айтымында, анын уюму исламдан баш тартып кетүүгө жол ачууну жана мусулмандар менен мурдагы мусулмандар тууралуу түшүнүктү жакшыртууну максат кылат. Британиялык уюмда болгону 70 чакты киши бар. Ага салыштырмалуу булардан мурда түзүлгөн германиялык уюм 700 чакты мүчөбүз бар деп айтат.
Бирок Намазинин ишениминде, Британияда экс-мусулмандардын саны 70тен алда-канча көп болушу ыктымал. Бирок диний эркиндик камсыздалган деп саналган Европада да Намазини өлтүрөбүз деп коркуткандар болуп жатыптыр. Ал эми Германияда кеңеш түзгөн Мина Ахади бүгүнгө чейин полициянын кайтаруусунда жашайт. Даниялык жаңы топтун негиздөөчүсү Жами өзүнө кол салуудан кийин жашырынып жүргөндүгү кабарланууда.
Пол Маршал АКШдагы Хадсон институтунун Диний эркиндиктер борборунун улук изилдөөчүсү. Анын айтымында, дүйнөдө диний эркиндиктердин тебеленишине көпчүлүктүн көңүлүн бура алса, экс-мусулмандардын уюшмалары өз вазийпасын аткарган болот эле:
– Дүйнөдө көп жерлерде экс-мусулмандар куугунтукка кабылышат. Айрымдарын өлтүрүп салышат, башкаларын түрмөгө салышат, көбү коркок-билиш болуп жашайт. Бул өтө олуттуу маселе. Эгер Европадагы бул топтор ушул маселеге дүйнөлүк масштабда көңүл бурдура алса, чоң иш кылган болушаар эле.
Бирок соңку демилгени сынга алгандар да бар. Даниялык экс-мусулмандар уюмунун түзүлгөнү 2001-жылдын 11-сентябрындагы террористтик чабуулдун 6 жылдык мааракесинде жарыяланды. Анын негиздөөчүсү Жами мүчө болгон Лейбористтик партиядан сенатор болуп шайланган Хан Нотен бул датанын тандалып алынышын провокация деп эсептейт. "Болжолу алар мусулмандарды күнөөлүү деп, ал эми Ислам дининен баш тарткандарды күнөөсүз деп көрсөткүлөрү келип жатышат" деп сынга алды өз партиялашын даниялык сенатор.
Даниялык экс-мусулмандардын арасында да нааразылар жок эмес. "Биз ар кандай динден, анын ичинде исламдан баш тартуу укугун коргойбуз. бирок булар бул укукту мусулмандарды жаманатты кылып, аларды "зөөкүр" жана "террорист" катары көрсөтүү үчүн пайдаланып жатышат",- дейт экс-мусулман Бехман Таеби.
Жаңыл Жусубжан, Прага