Талкууланып жаткан маселердин бири - Каспийдин чыгыш жээгинде жаңы газ кууру боюнча Орусиянын сунушу. Орусиянын бул сунушу Каспий боюнан Орусияны айланып өткөн газ куурун төшөө боюнча Батыштын пландарына каршы келет. Кечээ Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрүндө президенттер Нурсултан Назарбаев менен Гурбангулы Бердымухаммедов эки өлкө энергия ресурстарын дүйнөлүк базарга экспорттоодо кызматташарын билдиришти.