Сапары учурунда Назарбаев тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушат. Тараптар Тажикстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө долбоорлорду инвестициялоо маселесин талкуулашат. Жолугушуу маалында Тажикстандын чыгышындагы Хингоб дарыясынын жанына гидроэлектрстанция куруу үчүн казак тарап 60 миллион доллар каржылоо тууралуу сөз болору күтүлүүдө. Президент Назарбаев ушул жуманын башында Түркмөнстанга эки күндүк иш сапары менен барып, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен отун-кубат маселесин талкуулаган болчу.