Кытай экономикасы азыр ээ жаа беребей, буркан –шаркан түшүп жаткан дарыяны элестеткенсийт. Экономикадыгы быйылкы өсүш 11%дан ашып кетчидей. Өткөн август айында эле, адистердин тили менен айтканда, тышкы соодагы профицит 25 миллиард долларды түздү. Бул былтыры жылдын ошол мезгилине салыштырганда 30%га көптүк кылат. Ал эми жалпысынан быйылкы жылды Кытай 200 миллиард доллардан ашуун профицит менен аяктаары күтүлүүдө.
Кытайда өндүрүлгөн товарлардын, өзгөчө бала оюнчуктарынын зыяндуулугу тууралуу эл аралык деңгээлде тутанган жаңжалдар да экспорттун өсүшүн токтото алчыдай эмес.
Анткен менен Кытайдын АКШ, Евробиримдик өңдүү ири соода өнөктөштөрү Пекинден соодада адилетүү шарт түзүү үчүн шашылыш чараларды көрүүсүн талап кылууда, болбосо ага каршы зарыл кадамдар жасалары эскертилди. Андай талап кылынган чаралардын бири – юандын курсун эркин койо берүү. АКШ жана Евробиримдик Кытай өз ара соодада артыкчылык алуу үчүн улуттук акчасынын курсун жасалма кармоодо деп эсептейт.
Лондондогу "Chatham House" иликтөө борборунун аналитиги Ю Лу Кытай азыр оор абалда турганын белгилейт:
-Бул көйгөйдү кыска убакытта чечүү Кытай үчүн чын эле татаал. Анткени Кытайга бир нече жылдан бери жасалган инвестиция акырындап, ушул өндүрүш кубатын жаратты. Андыктан продукциянын көлөмүн бир заматта эле төмөндөтүү жеңил эмес.
Айтор, расмий Пекин өзүнүн ички базарын чет элдик импортко тез эле ачаарын азырынча ишара кыла элек. АКШ жана Кытай расмий өкүлдөрүнүн соода проблемасы боюнча утур-утур жолугушууларына карабай, улуттук акчасы юандын курсун эркин койо берүү ниети да жоктой.
Бирок, сырткы басымдан тышкары Кытай азыр ички тобокелчиликке – инфляциянын өсүп кетүү коркунучуна туш келүүдө. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, мисалы август айында инфляция 6,5%ды түздү. Бул соңку он жылдан берки эң жогорку көрсөткүч, жана өкмөт мерчемдеген чектен эки эседен ашуун көп.
Айрым эксперттердин көз карашында, инфляция - Кытайдын коммунисттик өкмөтүн чочуткан көрүнүш. Себеби, өлкөдөгү акыркы элдик толкундоо кымбатчылыктан улам тутанган. Лондондук Ю Лу мындай дейт:
-Тарыхый жактан алганда, бул социалдык стабилдүүлүк үчүн өтө коркунучтуу. Андыктан, мен билгендей, өкмөт буга олуттуу мамиле кылат.
Айткандай эле азыркы тушта кытай өкмөтү үчүн кооптуусу – азык-түүлүктүн кымбаттаганы. Орто эсеп менен тамак-аштын баасы былтыркыга салыштырмалуу 18%га жогорулаган. Статистикалык маалыматтар, эттин баасы 49% көтөрүлгөнүн көргөзүүдө. Кымбатчылык чочко этинин тартыштыгынан улам келип чыкты, буга болсо мал ылаңы, тоюттун кымбаттагыны себеп болду. Ага кошумча Кытайда да түшүм быйыл жакшы эмес. Кытай премьер-министри Вэн Цзябао социалдык стабилдүүлүктү сактоо үчүн эт баасына асмандашына жол бербөө керектигин айтып чыкса, өлкөнүн Улуттук банкынын башчысы инфляцияга каршы күрөшүү алардын максаты экенин билдирди.